Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты өттү (видео)


Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты. 22-апрель, 2020-жыл.
Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты. 22-апрель, 2020-жыл.

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу анын Бишкектин Туңгуч районунда жайгашкан үйүнүн алдында өттү.

Иманалиев менен коштошууга өзгөчө абалга карабай көп киши чогулду.

Коштошуу зыйнатын маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкулов алып барды. Акын менен коштошуу зыйнатына өзүнүн жакындары, үзөңгүлөш жүргөн өнөрпоз достору, устат-шакирттери, Султан Раев баштаган белгилүү акын-жазуучулар, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү жана башка адамдар катышып, сөз сүйлөштү.

Маркумдун жаназасын муфтийдин орун басары Закир Ракиев окуду.

Элмирбек Иманалиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. (ZKo)

Акын менен коштошуу зыйнаты.

XS
SM
MD
LG