Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Бишкекте коронавируска өз алдынча текшерилүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска өз алдынча текшерилүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 22-апрелде онлайн брифингде Бишкекте Бонецкий лабораториясына кайрылса болорун билдирди.

«Азаттык» лаборатория менен байланышып, анализ тапшыруу шарттарын билди. Кызматкерлеринин айтымында, азырынча бул багытта бир лаборатория иштей баштады. Анализдин баасы 2 миң сомдун тегерегинде, жыйынтыгы бир күндөн кийин чыгат.

22-апрелге карата илдет жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 612 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 254 бейтап айыгып чыкты.

Буга чейин коронавирусту аныктоо мамлекеттик атайын лабораторияларда гана жүргүзүлүп жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG