Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Орусиядан жана Түркиядан 526 кыргыз жараны кайтып келгени жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн жана жакынкы күндөрү чет жактагы 526 кыргызстандык мекенине кайтып келет. Аларды тосуп алуу, текшерүү жана обсервациядан өткөрүү маселелери 22-апрелде Коронавируска каршы республикалык штабдын отурумунда талкууланды.

Штабдын башчысы, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: «Обсервация жайлары, медицина мекемелери даяр болушу зарыл. Тиешелүү бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары жарандардын келиши, аларды жайгаштыруу жана мындан аркы аракеттер боюнча так жана алгоритмге ылайык иштеп, келгендер үчүн зарыл шарттарды түзүшү зарыл», - деди.

Өмөттүн маалыматына карата, 22-апрелде Орусиянын Новосибирск шаарынан учак менен 176 кыргыз жараны келет. 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен 350 кыргызстандык келери пландалып жатат.

Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат.

Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктар маселеси 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги көйгөйлөрдүн бири болгон.

Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, дагы 4371 адам келе албай жатканын билдирген. Алардын көбү Орусияда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG