Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынын тургуну Расул Эминжанов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери ага кол көтөрүп, опуза кылганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында окуя 20-апрель күнү кечки саат 20:00 чамасында болгон.
«Сөгүнүп, «үйүңөргө кеткиле» деп айдап кирди. «Макул» деп үйгө басып баратсам, «тез-тез бас» деп (уят сөздөр менен) сөгүндү. «Эмнеге сөгүнүп жатасың?» десем келип бетиме бир чапты. «Урба, мыйзам чегинде жооп бересиң» дедим. Ал «керек болсо дагы урам» деп жакалап, сөгүнүп кирди. Кошуналар ажыратып калышты. Аларды да уят сөздөр менен сөгүп кубалады. Аймактык милицияны чакырып, мени алып кетишти. Кечки саат 21:00дөн өтүп кеткенден кийин «мен начальникмин, үйүңө кетип кал» деп сөгүп мазактап айдап ийди», - деди Эминжанов.
Милиция кызматкери өзүн «Мурат» деп тааныштырган. Эминжанов 21-апрель күнү милициянын үстүнөн арыз жазган. Ал бүгүнкү күндө милиция тарап аны коркутуп, телефон чалып жатканын айтууда.
Ош облусунун, Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун комендатурасынын маалымат борборунун башчысы Жеңиш Аширбаев аталган факт боюнча маалыматы жок экендигин, милициянын кол көтөргөнү аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирди. (DU)