Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

Владикавказда митингге чыккандардын 14ү кармалды


Митингчилер Түндүк Осетия башчысы Вячеслав Битаровду курчап турушат. 20-апрель, 2020-жыл.
Митингчилер Түндүк Осетия башчысы Вячеслав Битаровду курчап турушат. 20-апрель, 2020-жыл.

Орусиянын Түндүк Осетия аймагында митингге чыккандардын 14ү үчтөн 15 суткага чейин камакка алынды. Бул тууралуу «РИА-Новости» агенттигине Түндүк Осетия сотунун басма сөз кызматы билдирген. Алар «полицияга баш берген эмес», «коомдук тартипти бузган» деп айыпталды.

20-апрелде Владикавказда өкмөт үйүнүн алдына жүздөгөн адам коронавируска байланыштуу чектөөлөргө, анын ичинде үйдө отуруу жөнүндө талапка каршы митингге чыгышкан. Ошондой эле коронавирустун айынан жумушун жоготкондорго жардам берүүнү талап кылышкан.

Митингчилер мурдараак кармалган опера ырчысы, активист Вадим Челдиевди бошотууну да талап кылышкан. Челдиев эпидемияны эл аралык кутум деп эсептейт. Ошондой эле бийлик коронавируска байланыштуу маалыматтарды көбүртүп-жабыртып атканын айтып, элди көчөгө чыгууга үндөгөн эле.

XS
SM
MD
LG