Чеченстанда башчысы Рамзан Кадыров баштаган мамлекеттик кызматкерлер жапырт чачын кырдырууга киришти. Бул тууралуу «Кавказ-Реалии» сайты жазды.
Дүйшөмбүдө коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү жашоочу чач тарачтарды ачууга болор-болбосун сураган. Анда Кадыров «баарыбыз чачыбызды кырдырып салсак жаман болбойт» деп жооп берген эле.
Эртеси 21-апрелде Кадыров «Инстаграмдагы» баракчасына чачы кырылган сүрөтүн жарыялаган. «Сулуулук салондору жабык, үйдө да чач тарач жок. Биздин бабаларыбыз ушундай кылышкан» деп, башкаларды да чач алдырууга чакырган.