Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 18:01

Новосибирск: Бишкекке учакка илинбей калгандар нааразы болуп жатышат


Новосибирскинин аэропорту. 22-апрель, 2020-жыл.

Новосибирскиден Бишкекке 22-апрелде чыккан учакка илинбей калганын айткандар консулдукка нааразылыгын билдирүүдө. Алар 40ка жакын кыргызстандык аэропорттун сыртында калганын айтып, «Азаттыкка» видеолорун жөнөтүштү.

Видеодогулар: «Биз 22-марттан бери, бир айдан бери жатабыз. Кечээ эле келип, 1-2-майга билет алгандар учуп кетти. Адилетсиздик, коррупция болду», - деп жатканын угууга болот.

«Азаттык» бул билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн билиш үчүн Новосибирскидеги консулдукка кайрылды. Мекеменин өкүлү Нуралы Акпаралы уулу дооматтарды четке кагып, тизме калыс түзүлгөнүн айтты:

«Биринчи кезекте жашы улгайгандарды, кош бойлуу келиндерди, атайын кармоочу жайда кармалып тургандарды жана Орусиянын алыскы аймактарынан келип, 20-марттан бери Новосибирскиде диаспоранын күчү менен хостелдерде жашап жаткандарды жөнөттүк. Жанагыдай алар айтып жаткандай жат көрүнүштөр болушу мүмкүн да эмес».

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Новосибирскинин «Толмачево» аэропортунан саат 17:00дө мурда Бишкекке билет алган 176 кыргыз жараны учуп чыкканын билдирди.

Элчилик каалоочулар 300дөн ашуун адам болгондуктан бул жолу баары батпаганын, «S7 Airlines» авиакомпаниясынан чоңураак учак суралганы менен андай мүмкүнчүлүк берилбегенин маалымдады.

Элчилик учакка илинбей калгандарды сабырдуулукка чакырып, дагы каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр уланарын, консулдук жардам берерин кошумчалады.

Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктардын жагдайы 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги маселелердин бири болгон.

Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, дагы 4371 адам келе албай жатканын билдирген. Алардын көбү Орусияда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG