Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Штаб: COVID-19 вирусунан 53 жаштагы аял каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалыматты Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб таратты. Маалыматка караганда, бейтап Бишкектеги инфекциялык ооруканага 5-апрелде оор абалда келип түшкөн. Келери менен жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Аял 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда коронавирус илдетинен тышкары кант диабети, кооптуулугу күч гипертоникалык илдет, жүрөк дарты бар экени аныкталган.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус илдетинен сегиз адам көз жумду.

22-апрелде СOVID-19га чалдыккандар 612 адамга жетти.

Анын ичинен Жалал-Абад облусунда – 109, Ош облусунда – 151, Ош шаарында - 97, Чүй облусунда – 34, Бишкек шаарында – 133, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 74, Ысык-Көл облусунда – 8 киши. Алардын 157и медкызматкерлер, 12си ички иштер органдарынын өкүлдөрү.

Обсервацияда жаткандардын саны миңден ашты. 254 адам айыкты. 351 адам ооруканада, 5 адамдын абалы оор. (ZKo)

XS
SM
MD
LG