Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 14:39

Саакашвилиге Украинанын вице-премьерлиги сунушталды


Михаил Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили Украинанын өкмөтүнө келери тууралуу маалыматтарды ырастады.

«Президент Зеленскийден реформа маселелери боюнча Украина өкмөтүнө вице-премьер болуу тууралуу сунуш алуу - зор сыймык», деп жазды ал 22-апрелде «Фейсбуктагы» барагына.

Саакашвили өкмөт башчы Денис Шмыгаль менен да сүйлөшкөнүн белгиледи. Ал «зарыл өзгөрүүлөр тууралуу сунуштарын» парламентке тааныштырууну көздөп жатканын кошумчалады.

Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын төрагасынын орун басары Евгения Кравчук Саакашвили 24-апрелдеги отурумга келиши мүмкүн экенин «Настоящее время» телеканалына билдирди.

52 жаштагы Саакашвили губернаторлуктан кеткенден кийин бийликке оппозицияда жүргөн. 2017-жылы украин президенти Петр Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG