Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:53

Бишкек коменданты соода борборлорунун ээлерин ижара акысын талап кылбоого чакырды


«Вефа» соода борбору.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев учурда карантинге байланыштуу соода жүрбөй жаткандыктан имарат ээлерин соодагерлерден ижара акысын доолабай турууга чакырды.

«Дүкөндөр азыр толук иштей албай жатат. Дүкөндүн ээлерине убактылуу ижара акысын талап кылбай, колдон келишинче жардам берип турсаңыздар», - деди Орозалиев.

Буга чейин Бишкек шаарынын коменданты батир берген кожоюндардан ижара акысын сурабай тууруну өтүнгөн болчу. Ушу тапта чакан бизнес ээлери насыяларын, имараттын ижара акысын төлөй албай жатканын айтып жатышат.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG