Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кыргызстандык мусулмандарга кайрылып, орозодо карантин эрежелерин сактоого чакырды.
23-апрелде таратылган бул билдирүүдө ооз ачарга, таравих намазга чогулбай, жөрөлгөлөрдүн баарын үйдө, элди чогултпай өткөрүү сунуш кылынган.
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев да 23-апрелдеги брифингде орозо маалында жарандарды өзгөчө абалдын талаптарын бузбоого чакырды:
«Быйыл Орозо айы карантин жана өзгөчө абалга туш келип отурат. Ошондуктан, биз бул ыйык айда сабырдуу болуп, муфтияттын айтканын угуп, ооз ачуу жана намаз окууну үйдөн гана жүргүзүүгө чакырабыз».
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев да 15-апрелдеги видеокайрылуусунда орозодогу диний иш-чараларды үйдөн чыкпай уюштурууга үндөгөн.
Мусулмандардын бир айлык ыйык орозо айы 24-апрелде башталат.
Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда 22-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Өзгөчө абал 30-апрелге чейин уланат. Мындан тышкары Кыргыз өкмөтүнүн чечимине ылайык республиканын бардык аймактарына өзгөчө кырдаал шартындагы эрежелер киргизилген.
Мечиттерге барып намаз окууга, анын ичинде жума намазга чогулууга да убактылуу тыюу салынган. (SE/ZKo)