Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Кыргызстанга Орусиядан 760 тонна буудай келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Орусия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын 760 тоннасы (11 вагон) келгенин кабарлады. Буга чейинки жеткирилгендерди кошкондо келишимде көрсөтүлгөн өлчөмдүн 1800 тоннасы Кыргызстанга жеткирилди. Маалыматка караганда жакынкы күндөрү дагы 53 вагон эгин келиши керек.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду Орусиянын Азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алууга келишим түзгөн.

Кыргыз өкмөтү учурда Мамлекеттик материалдык резерв фондунда буудайдын запасы жетиштүү, дан жана ун таңсыктыгы жок экенин белгиледи.

Айыл, суу чарба жана мелиорация министрлиги 22-апрелде Казакстандан квотадан тышкары 22 миң тонна ун алынарын кабарлаган.

Коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында карантин жарыяланган алгачкы күндөрү ун тартыштыгы байкалып, ундун баасы кескин кымбаттаган. Коңшу Казакстан 25-марттан тартып дан жана дан азыктарын экспорттоого чектөө киргизип, Кыргызстанга айына 30 миң тоннадан ашпаган өлчөмдө ун сатыларын эскерткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG