Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Ошто айрым ишканалар иштей баштады


Ош.

Бул тууралуу 23-апрелде өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифингде айтты. Анын сөзүнө караганда, Ош облусунда көмүр кендеринде иштеген 12 компаниянын иштешине уруксат берилди. Алар Кыргызстандын ички муктаждыгына жана экспорт үчүн көмүр өндүрөт.

«Көмүр кендери айылдан алыс жайгашкандыктан уруксат берилди. Алар көмүр казууга даярдана бербесе эртең эле кыш келет. Андан тышкары облуста үч чоң цемент заводу бар. Үчөө тең ишке кирди. Анткени ички рсоода-сатыкта цементке болгон муктаждык пайда болду», - деди Жылкыбаев.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда 22-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Ал 30-апрелге чейин уланат. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушул эле убакытка чейин өзгөчө абал киргизилди. Аталган аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек.

Өзгөчө абал жарыялангандан кийин азык-түлүк өндүргөн, дары-дармек чыгаркан ишканалардан башка дээрлик бардык өндүрүш токтотулду. Кыргыз бийлиги айрым тармактарда ишмердикти жандантуу маселеси каралып жатканын билдирген. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG