Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Дүйнө мусулмандары карантин шартында орозого камынууда


Ооганстандын Кабул шаары. 23-апрель, 2020-жыл.
Ооганстандын Кабул шаары. 23-апрель, 2020-жыл.

Дүйнө жүзүндөгү 1 миллиард 800 миллиондой мусулмандар коронавируска байланыштуу карантин өкүм сүрүп жаткан шартта Рамазан айына камданууда. Кайсы бир мамлекеттерде 23-апрелде ооз бекитилсе, айрымдарында орозо 24-мартта башталганы турат.

Коронавирустан катуу жабыркаган мамлекеттердин катарында турган Ирандын бийлиги Рамазан айында диний жыйындарга уруксат берилбей турганын билдирди. Түркия, Египет жана Сауд Арабиясы сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө да мечиттер жабык турат. Бириккен Араб Эмираттарынын диний жетекчилеринин фатвасына ылайык, Рамазан айында каалоочулар кечки намазды мечиттин сыртына окуй алышат.

Ал эми Ливанда, Иракта, Сирияда коменданттык саатты жумшартып, элдин ооз ачууга катышуусуна уруксат берди. Бирок бул өлкөлөрдө да диний жайлар жабык болот. Пакистандын бийлиги диний топтордун басымынан кийин мечитте намаз окууга кайра уруксат берди. Жергиликтүү медиктер бул чечим коронавирустун жайылышына өбөлгө түзбөйбү деп кооптонуп турушат.

Мусулмандар эң көп байырлаган Индонезия Рамазан айында элдин эки жакка катташына тыюу салды. Индонезиялыктардын көбү орозо учурунда кичи мекенине сапар алышат.

Дүйнө жүзүндө COVID-19га чалдыккандардын саны 2 миллион 640 миңге чукулдап калды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, өпкөнү сезгенткен бул илдеттен каза болгондордун саны 183 миңден ашты. 715 миңдей киши айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG