Евробиримдиктин лидерлери экономиканын коронавирус пандемиясынан жабыркаган секторлоруна финансылык жардам көрсөтүү маселесин талкуулаганы жатышат. Уюмга мүчө болгон 27 мамлекеттин жетекчилери 23-апрелде видеоконференцияга чогулганы турушат.
Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин айтымында, бул жыйында Еврокомиссияга коронавирустан кимдер көбүрөөк жабыркаганын жана аларга кандай жардам көрсөтүлөрүн аныктоо тапшырылышы мүмкүн. Анын натыйжасында ушул айдын соңун утурлай финансылык жардамдын суммасы белгилүү болот.
Ар кыл сунуштарга ылайык, Европа Биримдиги 1 триллион евродон көп каражат бөлүшү мүмкүн. Азырынча бул каражат кантип топтолуп, кандай шарт менен мүчө мамлекеттерге бөлүштүрүлө турганы так эмес.
Эл аралык Валюта Фондунун эсебине ылайык, быйыл коронавирус пандемиясынан улам «евро аймактын» экономикасы 7,5 пайызга төмөндөгөнү турат.