Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

БУУ: пандемия адам укуктарынын кризисине айланып баратат


БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш.
БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш.

Бириккен Улуттар Уюму коронавирус пандемиясы «адам укуктарынын кризисине айланып баратат» деп эскертти. Уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш 23-апрелдеги видео кайрылуусунда пандемиядан улам дүйнөдө жек көрүү, аялуу катмарларды басынтуу, коопсуздук кызматкерлеринин чоң муштумдугу күчөп баратканын айтты. Ал кайсы бир мамлекетти так атабаса да дүйнөдө карантин чаралары улутчулдуктун, популизмдин, авторитаризмдин тамыр жайышына түрткү берип жатканын кошумчалады.

«Билдирүү анык: адамдар жана алардын укуктары көңүл чордонунда болушу керек. Адам эмес, вирус коркунуч жаратып жатканын унутпайлы», - деди Антониу Гуттериш.

Өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетине байланыштуу дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө карантин өкүм сүрүп жаткан кези. 23-апрелге карата дүйнө жүзүндө COVID-19га чалдыккандардын саны 2 миллион 640 миңге чукулдап калды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, өпкөнү сезгенткен бул илдеттен каза болгондордун саны 183 миңден ашты. 715 миңдей киши айыгып чыкты.

23-апрелде «Human Rights Watch» укук коргоо уюму (HRW) да билдирүү таратып, Борбор Азия өлкөлөрүндө карантин шартында адам укуктары бузулуп жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG