Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Бонецкий лабораториясы: коронавируска 3000 тест бекер текшерүүгө даярбыз


Бонецкий лабораториясы.
Бонецкий лабораториясы.

Жеке менчик Бонецкий лабораториясы демөөрчүлөр, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге COVID-19 илдетин аныктоочу анализдерди жүргүзө баштаганын маалымдады. Алгачкы баскычта 10 миң ПЦР тест алуу пландалып жатат. Бонецкий лабораториялар тармагынын директору Артем Лыжин коронавируска тест алуу Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган эрежеге ылайык жүргүзүлөрүн белгилеген.

«Азыр биз 3055 акысыз ПЦР тест алууга даярбыз. Биринчи орунда социалдык аз камсыз болгондор, балким дарыгерлер же укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүн. Биз Саламаттык сактоо министлигинин чечими менен гана лабораториялык тест алабыз», - деп айтылат лаборатория тараткан маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборуна караштуу «Вирустук изилдөөлөр жана сейрек инфекциялар лабораториясынын» өндүрүштүк базасына тийиштүү имарат берген. Бул тууралуу министрлик тараткан маалыматта айтылды.

Бул долбоор ишкерлердин жана меценаттардын каржылоосу менен ишке ашырылып жатат. Демилгеге алгачкылардан болуп «Мөл Булак» чакан насыя компаниясы кол сунду. Компания 100 миң АКШ долларына реагенттерди, ошондой эле жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана зарыл технологиялык жабдуулар үчүн 61 миң АКШ долларын бөлүп берди. (TSh)

XS
SM
MD
LG