Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

ИИМ: 24-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 106 жаран бузду


Бишкек. Милициянын кайгуул кызматы. 21-апрель, 2020-жыл.
Бишкек. Милициянын кайгуул кызматы. 21-апрель, 2020-жыл.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда саат 21:00-06:00 аралыгында 106 адам коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалды. Тогуз машине айып токтотмого киргизилген.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 88, Жалал-Абад шаарында - 2,
Ош шаарында - 5, Нарын шаары - 1, Ат-Башы району боюнча -5,
Сузак районунда -3 жана Кара-Суу районунда – 2 адам. Ал эми Ноокат районунда тартип бузгандар катталган жок.

Өзгөчө абал жарыяланган 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин 3361 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, коменданттык саат аяктаганда коё берилди.

ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырды. Мындан тышкары Интернет аркылуу жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертти.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат кечки саат 21:00дон таңкы саат 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG