Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Польшадан жана Кытайдан келген дарыгерлер Ош, Жалал-Абад облустарына барат

Польшадан келген адистер «Манас» аэропортунда. 19-апрель, 2020-жыл.
Польшадан келген адистер «Манас» аэропортунда. 19-апрель, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө өз тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн Польшадан жана Кытайдан келген дарыгерлер Бишкектеги ишин аякташты.

Жугуштуу оорулар ооруканасында жергиликтүү дарыгерлер менен кошо коронавирус илдетине чалдыгып, дарыланып жаткан адамдарды карап, СOVID-19 коронавирусуна каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөтүп, кеңештерин беришти.

24-апрелде чет жактан келген адистер Ош жана Жалал-Абад облустарына чыгып кетишет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Польшалык сегиз дарыгер-адис Кыргызстанга 19-апрелде келген. Алардын курамында инфекционист, анестезиолог, рентгенолог, хирург жана медициналык орто персонал өкүлдөрү бар.

Кытайлык дарыгерлер 20-апрелде келишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG