Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Бишкекте карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулук 62% көбөйдү (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте коронавируска байланыштуу карантин жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү. Бул тууралуу 24-апрелде ички иштер министринин орун басары, баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 62% жогору.

«2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 катталды», - деди ал.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Улан Жумаков бул көрсөткүч баш калаага таандык экенин тастыктады.

Орозалиев үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар баш калкалоочу кризистик борборлордун ишине уруксат берүү маселесин карап чыгууга макул экенин, бирок ал жайларда коронавирустун жайылбашы үчүн бардык коргонуу шарттары камсыз болушу зарыл экенин билдирди.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылууда.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG