Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Армения 105 жыл мурдагы кыргындын курмандыктарын эскерүүдө


Ереванда армян кыргынынын курмандыктарын эскериш үчүн лазер нуру да колдонулду. 23-апрель, 2020-жыл.
Ереванда армян кыргынынын курмандыктарын эскериш үчүн лазер нуру да колдонулду. 23-апрель, 2020-жыл.

Армения 105 жыл мурда Осмон империясынын тушунда болгон армян кыргынынын курмандыктарын эскерүүдө. 23-апрелдин кечинде бүткүл өлкө боюнча көчө жарыктары өчүрүлүп, чиркөөлөрдүн коңгуроолору кагылды. Еревандагы салттуу шамчырак жүрүшү коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам өткөрүлгөн жок.

Баш калаадагы армян кыргынынын курмандыктарына тургузулган мемориалга өлкөнүн жогорку жетекчилери гана гүл коюуга барары белгилүү болду. Армян кыргынын эскерүү иш-чаралары 25-апрелге чейин уланат.

Коронавирустан улам Арменияда өзгөчө аба жарыяланган. Бул өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 1500дөн ашты. 24 киши каза болду.

Тарых булактарына ылайык, Биринчи дүйнөлүк согуш убагында жана согуштан кийин Осмон империясында бир жарым миллиондой армян кырылган же депортацияланган. Дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсү бул окуяларды геноцид деп эсептейт. Осмон империясынын ордун баскан Түркия армяндардын өлүмү империянын кулашын коштогон кайгылуу окуялардын жыйынтыгы болгонун, ал жылдары түрктөр да жабыркаганын айтып, геноцид тууралуу дооматтарды четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG