Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

ДССУ Тажикстан менен Түркмөнстанга адистерин жиберет


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Тажикстандагы өкүлү Галина Перфильева.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Тажикстандагы өкүлү Галина Перфильева.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери кийинки жумада Тажикстанга жана Түркмөнстанга барганы жатышат. Бул тууралуу бир катар орусиялык жана тажикстандык маалымат каражаттары уюмдун Европа аймагы боюнча директору Ханса Клюгеге шилтеме кылып кабарлашты.

Эксперттердин иш сапарынын алдында уюмдун Тажикстандагы өкүлү Галина Перфильева тажик бийлигинин «өлкөдө коронавирус жок» деген маалыматтарынан күмөн санай турганын орусиялык «Коммерсантъ» басылмасына айтты. Ал СOVID-19га лаборатордук текшерүүлөр таза болуп чыкканы менен коронавирус таптакыр жок деп айтуу туура эмес экенин, себеби симптомдору толук байкалбаган оорулуулар болорун белгиледи. Галина Перфильева айрым анализдерди чет өлкөлөрдө дагы бир жолу текшерүү зарыл болорун кошумчалады.

Тажикстан СOVID-19 катталбаган дүйнөнүн 11 мамлекетинин катарына кирет. Бирок акыркы апталарда пневмония менен кургак учуктан бир нече кишинин каза тапканы, маркумдар жабык табытта жерге берилип, алардын жакындарын карантинге алынып жатканы сыяктуу кабарлар чыгып жатат.

Расмий Ашхабад да Түркмөнстанда өпкөнү сезгенткен СOVID-19 илдети катталбаганын билдирип жатат. Мындан тышкары түркмөн бийлиги өлкө аймагында «коронавирус» деген сөздү колдонууга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG