Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Дүйнөдө коронавирусту жуккандар 2,7 миллион адамдан ашты


Германиянын Көлн шаарында медициналык кызматкерлер жарандарды коронавируска каршы текшерүүдөн өткөрүүдө, 31-март, 2020-жыл.
Германиянын Көлн шаарында медициналык кызматкерлер жарандарды коронавируска каршы текшерүүдөн өткөрүүдө, 31-март, 2020-жыл.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандар 2 миллион 700 миң кишиден ашты. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, 24-апрелге карата баш-аягы 190 миңден ашуун киши өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен каза болду. 750 миңдей бейтап айыгып чыкты. Адистер каттоого алынбаган бейтаптардын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө.

Европанын Германия жана Чехия сыяктуу мамлекеттеринде илдеттин жайылышы басаңдап, айрым чектөөлөр алына баштады. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы атайын дарылоо курсу же вакцина табылганга чейин карантин чаралары кала бериши керек экенин билдирди.

23-апрелде Британияда Оксфорд университети коронавируска каршы иштеп чыккан вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Германиянын тиешелүү мекемеси да болжолдуу вакцинаны адамдардын үстүнөн сыноого уруксат бергени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG