Британиялык атактуу «The Rolling Stones» рок-тобу сегиз жылдан берки биринчи жаңы ырын чыгарды. «Living In A Ghost Town» («Тунжураган шаардагы жашоо») аттуу бул ырдын мазмуну коронавирус пандемиясы менен үндөшүп кетет.
Ырдын 23-апрелде «YouTube» порталына жарыяланган клибинен Лондон сыяктуу бир катар шаарлардын ээн калган көчөлөрүн көрүүгө болот. Атактуу музыкалык топ бул ырын бир жыл мурда жаза баштаган. Бирок топтун мүчөлөрү аны Лос-Анжелес менен Лондон шаарларында обочолонуу шартында жазып бүткөрүштү.
«The Rolling Stones» тобунун акыркы жаңы ыры 2012-жылы чыккан. Топтун лидери Мик Жаггер карантин шартында жаңы ырларды жазууну уланта берерин айтты.