Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Коалиция: Адвокаттардын ишине тоскоолдук болбошу керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноого каршы коалиция бул маселе менен юстиция министрине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине кайрылды.

Анда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал шартында адвокаттардын ишин жүргүзүүгө тоскоолдуктар коюлуп жатканы тууралуу айтылган.

Кайрылууда «өзгөчө катуу чаралардын кириши менен жарандардын Конституция тарабынан кепилдик берилген адвокаттык көмөк, юридикалык жардам алышы төмөндөп кетиши мүмкүн. Юстиция министрлиги адвокаттардын ишмердүүлүгүн камсыз кылуучу орган катары алардын ишин учурунан кечикпей жүргүзүшүнө көмөктөшүүгө тийиш», деп жазылган.

Буга чейин айрым адвокаттар өзгөчө абал шартында иштөө оор болуп жатканын, ары-бери жүрүүгө аймактардагы комендатуралардан өткөрмө ала албай жатышканын социалдык тармактарда билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG