Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 7 миң тоннага жакын ун таратылды


Аз камсыз болгондор үчүн таратылган ун. Бишкек. Апрель, 2020-жыл.
Аз камсыз болгондор үчүн таратылган ун. Бишкек. Апрель, 2020-жыл.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 6 988,7 тонна ун таратылды. Анын ичинен:

Ош облусуна - 1705,05 тонна;

Жалал-Абад облусуна - 2053,3 тонна;

Баткен облусуна - 775,5 тонна;

Нарын облусуна - 281,1 тонна;

Чүй облусуна - 711,25 тонна;

Ысык-Көл облусуна - 267,6 тонна;

Талас облусуна - 294,9 тонна;

Бишкек шаарына - 670 тонна;

Ош шаарына - 230 тонна;

Өкмөттүн маалыматына караганда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө унду бөлүштүрүү иштери атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде жүрдү.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана буудай менен ундун запасын камдоо максатында кыргыз өкмөтү Орусиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Келишимдин негизинде буга чейин 2700 тонна ун Кыргызстанга жеткирилгени, калган бөлүгү жакынкы күндөрү келе турганы бир күн мурда кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG