Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

COVID-19: Кыргызстанда бир бейтапка 8 миң - 120 миң сом сарпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккан бир бейтапты оорукана шартында дарылоого абалына жараша орто эсеп менен 8 миң сомдон 120 миң сомго чейин каражат сарпталып жатат. Бул тууралуу 24-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штаб Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдиргенине караганда, бул суммага дары-дармектин баасы, бейтаптын ооруканада жатканы, медициналык каражаттардын, анализдердин жана изилдөөлөрдүн баасы кирет.

Буга чейин Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бир бейтапка болжол менен үч миң доллар каражат кетип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Кыргызстанда 18-марттан 24-апрелге чейин коронавирус 656 адамдан табылды, алардын ичинен 8 бейтап кайтыш болду, 322 бейтап айыгып кетти. 326 бейтап ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда.

Республикалык штаб Кытайда бир бейтапка доллар менен эсептегенде 3 миңден 140 миңге, АКШда 38 миңден 73 миңге, Өзбекстанда 3 миңден 6 миңге чейинки каражат сарпталып жатканын маалымдады. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG