Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Айрым мамлекеттик кызматкерлер дем алыш күндөрү да иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери 25-26-апрель күндөрү иштейт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим коронавирустун мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-аракеттерге жана экономикалык багыттын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн кабыл алынды. Вирус менен күрөшүүдө бийлик органдары эс алуу жана майрам күндөрү да иштейт.

Дем алыш күндөрү иштей турчу мамлекеттик кызматкерлердин арасында аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын жана өкмөттүн кызматкерлери бар.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 30-апрелге чейин Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Мекеме-ишканалар убактылуу жабылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG