Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан баш-аягы 345 бейтап айыкты


Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алардын 12си Бишкек шаарында, Ош шаарында 10, Жалал-Абад облусунда бир киши. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 вирусу жуккан 345 бейтап сакайды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

25-апрелге карата республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 665 кишиге жетти, каза болгондор – сегиз адам. Стационарда 312 киши жатат, алардын ичинен 13 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда. Дарыгерлер 37синин абалын орточо оор деп баалап жатат.

665 адамдын 157си Ош облусунда, 151и Бишкекте, 109у Жалал-Абад облусунда, 108ү Ош шаарында, 83ү Нарын облусунда, 43 адам Чүй облусунда, сегизи Ысык-Көл облусунда жана Баткен облусунда алты адам.

Коронавирус илдети аныкталгандар менен байланышта болгондордун саны – 2 463 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат.

5-апрелден бери изилдөөгө түшкөн үлгүлөрдүн саны – 44 127. Анын ичинен 43 159 изилденип бүттү.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG