Каракол шаарынын 47 жаштагы тургуну мектеп жашындагы эки баласын жалгыз тарбиялап келген. Күйөөсү менен мындан бир нече жыл мурда ажырашып кеткен.
Карантинге чейин батирде турган аял жалданма жумуштарга чыгып, күнүмдүк тамак-ашка акча таап жүргөн. Бирок карантин башталганы балдарынын курсагын тойгуза албай калган.
Бул маалыматты Каракол шаардык мэриясынан тастыкташты. Маалыматка караганда, бул аял үйүнөн дары ичип, жашоо менен кош айтышканга аракет кылган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калды. Мэрия үй-бүлөнүн азык-түлүк маселесин чечип бергенин билдирди. Азыр аялдын ден соолугу жакшы, окуя апрель айынын биринчи жарымында болгон. (KS)