Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Дубайдагы консулдук: өкмөт бөлгөн акча учакка билет алууга жумшалбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Айбек Маматбеков өкмөт кыргызстандыктарга бөлгөн 5 млн. сом боюнча түшүндүрмө берди.

Анын сөзү боюнча, бул каражат Кыргызстанга кетиш үчүн учакка билет сатып алууга жумшалбайт. Акча билет сатып алып рейсти күтүп жаткандарга убактылуу жатакана, тамак-аштан жардам берүүгө бөлүнгөн.

«5 млн. сом консулдуктун эсебине 20-апрелде түшкөн. 21-апрелде Тышкы иштер министрлигинен акча каякка коротулушу керектиги жазылган кат келген. Ага ылайык, каражат колунда билети бар бирок жашаганга жери жок, тамак-ашы калбай калгандарга сарпталат. Акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссия түздүк. Келген акчадан азырынча бир тыйын да корото элекпиз», - деди Маматбеков «Азаттыкка.

Башкы консул Бириккен Араб Эмираттарында 3500ге чукул кыргызстандык бар экенин (консулдук расмий каттоодо 2495 киши турганын билдирди), тамак-ашка жана жатаканага муктаждарга жардам берилгенден кийин акча артып калса, кайра өлкө бюджетине кайтарыларын кошумчалады.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин мүчөсү, Бириккен Араб Эмираттарында жашаган Жанара Мыйтанова өлкөгө кетүүгө билет алып берүүнү суранган кыргызстандыктар боюнча кошумча комментарий берди.

«Учакка билет кымбат, акчаны ага жеткире албайбыз деп айтып жатабыз. Айрымдар «Бизге билет алып бергиле. Эмнеге акчаны башка ишке коротосуңар?» деп түшүнбөй жатышат. Акча билет сатып алып рейсти күтүп жаткандарга жумшалат да. Ал эми билети жок эле «мага да жардам бергиле» дегендерге каражат жетпейт».

Мыйтанова Дубайдагы мекендештерди колдоого бөлүнгөн акчанын сарпталышын көзөмөлдөгөн комиссиянын мүчөсү, буга чейин мекендештерге жардам көрсөтүү боюнча президент менен өкмөткө кайрылган.

Кыргызстан 21-апрелде Бириккен Араб Эмиратындагы консулдукка 5 млн. сом, ал эми Орусиядагы элчиликке 10 млн. сом бөлгөн. Бул акча жашоосунан жана тамак-аштан кыйналган кыргызстандыктарга жардам берүүгө каралган.

Бириккен Араб Эмиратындагы айрым мекендештер социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, бөлүнгөн каражаттан учакка билет алып берүүнү сурашкан.

Бириккен Араб Эмираттарындагы үйүнө кайтууну каалаган кыргызстандыктар 26-апрелде, 3-майда жана 10-майда «Дубай-Бишкек» чартердик каттамы менен келишет. Баш-аягы 450 киши келет деп күтүлүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG