Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

Кыргызстанда коронавирус жуккан алты киши реанимацияда жатат


Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 304 адам стационарда жатат. Алардын ичинен алтоо реанимацияда.

COVID-19 вирусу аныкталгандар менен байланышта болгондордун саны – 2 706 (бул эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Обсервацияда 1183 киши жатат.

5-апрелден бери изилдөөгө түшкөн үлгүлөрдүн саны – 45 773. Анын ичинен 45 627 изилденип бүттү.

26-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 682 кишиге жетти, каза болгондор – сегиз адам. Жалпысынан ушул күнгө чейин 370 бейтап айыгып чыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG