Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:35

Караколдо санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлеринин арызы иликтенип жатат


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Нуркемел Бектуровго каршы жазылган арыз боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 13-апрелде Каракол шаардык прокуратурасына Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунун кызматкери арыз менен кайрылган. Анда аталган борбордун башкы дарыгери кызматкерлерге жеке коргонуу каражаттарын бербей, медициналык беткаптарды өз кызыкчылыгына пайдаланганы жазылган. Андан тышкары гуманитардык жардамга келген гипохлориттерди жеке жактарга сатып жибергени көрсөтүлгөн.

Бул факт Каракол шаардык прокуратурасында Жазык кодексинин «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Маалыматка караганда, 14-апрелде да санэпидкөзөмөл борборунун дагы башка дарыгерлери Нуркемел Бектуровго каршы арызданышкан. Эки арыз бириктирилип, ишти териштирүү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына берилген.

«Тергөө кызматы Саламаттык сактоо министрлигине бул арыздар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча кат жөнөткөн. Андан тышкары Эсеп палатасына да Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунда аудит жүргүзүү боюнча кат жиберилген. Бул иликтөөлөр бүткөндөн кийин жогорудагы арыздар боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмү юридикалык баа берет», - деди Сталбек Усубакунов.

12-апрелде Интернетке Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлеринин кайрылуусу чыккан. Анда борбордун жетекчиси Нуркемел Бектуров коронавируска каршы дезинфекциялоо иштерине тартылган жумушчуларга жеке коргонуу каражаттарын бербей жатканы, 200 даана беткапты өзү жана үй-бүлөсү үчүн алып кетип калганы айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG