Ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев айдоочулар жол эрежелерин бузуп, кырсыкка кабылса өткөрмө кагаздары кайтарылып алынарын эскертти. Бул тууралуу ал 26-апрелде брифингде айтты.
«Шаардын көчөлөрү бош жана автоунаалар аз. Ушундан пайдаланып, жогорку ылдамдыкта айдап жол кырсыктарына кабылып жатасыңар. Силерге уруксат кагазы бул үчүн берилген эмес. Эскертип коёюн, кимде-ким жол эрежесин бузуп, жол кырсыктарына кабылса өткөрмө кагаздары кайтарылып алынат».
Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек.
Өзгөчө абал жарыялангандан кийин азык-түлүк өндүргөн, дары-дармек чыгарган ишканалардан башка дээрлик бардык өндүрүш токтотулду. Айдоочулар атайын өткөрмө кагаздар менен жүрө алат. (BTo)