Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда дарыгерлер COVID-19 вирусу жуккан келинди айыктырып ооруканадан чыгарышты. Келиндин беш айлык боюнда бар. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Маалыматка караганда, бейтаптын эки баласы бар. Ал стационарда 14 күн дарыланып, ПЧР-анализин тапшырып, терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилди. Келин оору өтүшүп кете электе дарыланган.
Саламаттык сактоо министрлиги 26-апрелде Ала-Бука районунда вирус жуктуруп алган 85 жаштагы кемпир да айыгып чыкканын кабарлады. Ал 13-мартта Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келген.
26-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 682 кишиге жетти, каза болгондор – сегиз адам. Жалпысынан ушул күнгө чейин 370 бейтап айыгып чыкты. (BTo)