COVID-19 илдетинен айыккан Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дүйшөмбүдө жумушка чыгары расмий кабарланды.
52 жаштагы Жонсон коронавирус жугузуп алганы 27-мартта белгилүү болгон. 6-апрелде ал Лондондогу «Сент Томас» ооруканасына жаткырылып, эртеси күнү реанимацияга которулуп, дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. 9-апрелде реанимация бөлүмүнөн кайра кадимки палатага которулуп. үч күндөн кийин ооруканадан чыккан. Анын милдеттерин тышкы иштер министри Доминик Рааб аткарып турду.
Британияда жекшембиге карата коронавирус жуктургандар 150 миңди чамалап, 20 миңден ашууну көз жумду. Өлкөнүн ички иштер министри Прити Пател адамдар үйүндө кала бериши керектигин, карантиндик чектөө чаралары күчүндө экенин билдирди.