Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Трамп менен Путин орток билдирүү жасашты


Советтик жана америкалык жоокерлердин Эльбадагы жолугушуусу. 25-апрель, 1945-жыл.
Советтик жана америкалык жоокерлердин Эльбадагы жолугушуусу. 25-апрель, 1945-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда советтик жана америкалык аскерлердин жолугушуусунун 75 жылдыгына карата орток билдирүү жасашты.

Анда миллиондогон жоокерлер жана жайкын адамдар согуш курмандыгы болгону, аял-эркек дебей оорукта эмгектенгендердин салымы баса белгиленген.

“Эльбанын духу” канткенде биздин өлкөлөр карама-каршылыкты четке жылдырып, ишеним жаратып, жалпы максат үчүн кызматташа аларына үлгү”, – деп белгиленет билдирүүдө.

1945-жылы 25-апрелде Германиянын Эльба дайрасындагы жолугушуу нацисттик режимдин жеңилишин туюндурган тарыхый окуя катары сыпатталып келет. Торгау шаарынан анча алыс эмес жерде ошондогу тилектештер СССРдин 1-украин фронтунун аскери менен АКШнын 1-армиясы кездешкен. Натыйжада нацисттик рейхтин аскер күчү эки бөлүндү болот.

Бул тарыхый датаны Германия, Орусия жана АКШ биргеликте белгилөөнү пландашкан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу бардык салтанаттуу иш-чаралар токтотулуп, онлайн конференция өткөрүүнү чечишкен.

XS
SM
MD
LG