Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

Нарында коронавирусту аныктаган көчмө лаборатория иштеп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунда COVID-19 вирусун жугузгандар көбөйө баштагандыктан, көчмө лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылды.

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб лаборатория 23-апрелде ишке берилгенин билдирди. Ушу тапта ал жерде төрт адис иштеп жатат. Анын үчөө Бишкек шаарынан барган. Бул көчмө лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарса болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин 26-апрелдеги маалыматы боюнча Нарын облусунда коронавирус 85 кишиден аныкталды. Алардын ичинен Нарын шаарында 8, Ат-Башы районунда 64, Кочкордо 3, Жумгал районунда вирус жугузган 10 киши бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG