Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 06:54

ИИМ: 27-апрелге карата 80 киши коменданттык сааттын талабын бузду


Ала-Тоо аянтындагы текшерүү. Бишкек шаары. 20-апрель, 2020-жыл.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында саат 21:00 - 06:00 аралыгында коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн 80 киши кармалып, 6 машине атайын токтотмого коюлду.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 66, Ош шаарында - 1, Жалал-Абад шаарында - 5, Сузак районунда - 2, Нарын шаары нда- 4, Ат-Башы районунда - 2 киши кармалды.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын
эрежелерин бузгандар болгон жок.

Жалпысынан алганда өзгөчө абал киргизилген 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3582 жаран коменданттык саатты бузгандыгы үчүн кармалган. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбашы керке экендиги эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилген.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG