Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:21

Министрлик: Жаңы карантин тууралуу сөз кылуу азырынча эрте

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңы карантиндик чараларды көрүү маселесин талкуулоо азырынча эрте. Бул тууралуу 27-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Эгер карантин алынгандан кийин коронавирус жуккан жаңы толкун пайда болуп, жайыла турган болсо кыргызстандыктар кайра карантинге жабылабы?» деген суроого Үсөнбаев төмөнкүчө жооп берди:

«Карантин - радикалдуу чаралардын бири. Европада да, Кытайдын өзүндө да мындай чара жакшы натыйжа берди. Адамдардын бири-биринен алыс болушу кырдаалды көзөмөлгө алып, оорунун кеңири жайылышына жол бербөөгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Эгер карантин алынгандан кийин кандайдыр бир жаңы толкун пайда болсо, жапырт жайылса, албетте, карантиндик жана обсервациялык чектөө чараларын көрүүгө туура келет. Бирок бүгүнкү күндөгү эпидемиологиялык кырдаалга караганда жаңы карантин тууралуу айтуу эрте».

27-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 695 болду, алардын сегизи каза тапты. 395 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон. (RK)

XS
SM
MD
LG