Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Кытайлык адистер Кыргызстанга карантин талабын бекем сакташ керек экенин эскертишти


Кытайдан келген адистер.
Кытайдан келген адистер.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу жарыялаган чектөөлөрүн бекем сакташы керек. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кытайдан келген адистер ушундай кеңеш берип кеткенин билдирди.

Анын айтымында, дезинфекциялоо иштерине туура деген баа берилди, ал эми карантиндик чектөөлөргө көңүл буруш керек экендиги айтылды.

«Карантин шартын катуураак кармаш керек экенин айтышты. Өз тажрыйбасына токтолуп, карантин дегенде толук шартта кармаганын билдиришти. Чектөөлөрдү так кармаш керек экенин айтышты», - деди ал.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу алгач өзгөчө кырдаал, андан соң 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, карантиндик чектөөлөр киргизилген.

Мекеме-ишканалар, бардык билим берүү жайлары карантинге жабылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте улантуу зарыл деп эсептей турганын 24-апрелде айткан.

Чектөөлөргө карабастан соңку күндөрү базарларда, көчөдө адамдар да, машина да көбөйгөнүн социалдык түйүндөрдө жазып, талкуулап жатышат.

27-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 695 болду, алардын сегизи каза болду. 395 бейтап айыгып чыкты.

Коронавируска каршы иш-чараларга жардам бериш үчүн Кыргызстанга Кытайдан жана Польшадан адистер келишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG