Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Мектептерде 10, 20, 30, 40 жылдык мааракелерге тыюу салынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектептердин, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн салт болуп калган 10, 20, 30, 40 жылдык мааракелерин өткөрүүгө өзгөчө абал бүткөнчө уруксат берилбейт. Бул тууралуу Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 27-апрелде брифингде билдирди. Анын сөзүнө караганда, мындай мааракелерди өткөрүү өзгөчө абалдын эреже-талаптарын бузат. Комендант ошондой эле быйылкы окуу жылында мектептерди, окуу жайларын аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн да чогулуп сайрандашына, жаратылышка чыгып эс алышына жол берилбей турганын эскертти.

Жыл сайын «Акыркы коңгуроо» салтанаты учурунда же мамлекеттик экзамендер тапшырылып бүткөн кезде мектепти, окуу жайларын 10, 20, 30, 40 жыл мурун аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр кайра мектепке же башка эс алуучу жайларга чогулуп, маараке өткөрүү салтка айланып калган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Бардык билим берүү уюмдары карантинге жабылып, окуучулар жана студенттер аралыктан окутуу системасы аркылуу билим алуусун улантып жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG