Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:37

Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандар үч миллион адамга чамалады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Илдеттен 206 миңден ашык киши көз жумду. АКШда ооругандар 940 миңден ашты, 54 миңден көп киши ажалы жетти. Ал арада айрым штаттар карантин чараларын жумшарта баштады.

Европанын кээ бир өлкөлөрү да карантин чараларын акырындап жоюп жатат. Испанияда алты жумадан кийин, 26-апрелде балдарга кыска убакытка эшикке чыкканга уруксат берилди. Бул мамлекетте ооруну 227 миңге чукул адам жугузуп алган, көз жумга кишилердин саны 23 миңден ашкан.

Оорудан эң көп жапа чеккен Италия да карантин чаралары 4-майдан тартып азая баштай турганын билдирди.

Оору алгач катталган Кытайда соңку бир күндүн ичинде коронавирус үч адамдан табылды, 12 күндөн бери илдеттен көз жумгандар каттала элек. Бул өлкөдө расмий маалымат боюнча оору 83 миңдей адамдан табылган, 4600дөн ашык кишинин өмүрү кыйылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө мамлекеттерин ооруну дарылоонун натыйжалуу ыкмалары табылгыча карантинди жойбой турууга чакырып жатат.

XS
SM
MD
LG