Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:55

Жалал-Абадда илдет аныкталган 12 дарыгер айыгып, жумушка чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Облус аймагында коронавирус аныкталган 16 дарыгердин 12си толук айыгып чыкканын облустук штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржиев 27-апрелде Жалал-Абаддагы онлайн брифинг учурунда билдирди.

«Төрт дарыгер жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. 51 медицина кызматкери обсервацияга алынган. Алардын алгачкы анализдери таза чыкты», - деди Боржуев.

Жалал-Абад облусунун аймагында коронавирус аныкталган 111 бейтаптын 85и учурда толугу менен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. 119 адам обсервацияга алынган.

27-апрелге карата өлкө боюнча коронавирус жуккандардын жалпы саны 695 киши болду, алардын сегизи каза болду. 395 бейтап айыгып чыкты. (RsK)

XS
SM
MD
LG