Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Түркмөнстан ахалтекин жылкысынын урматына улуттук майрам өткөрдү


Майрамдын бир көрүнүшү.

Түркмөнстанда мамлекеттик маалымат каражаттары Ашхабаддан алыс эмес жайгашкан ат спорт комплексинде 26-апрелде бир катар иш-чаралар өткөрүлгөнүн көрсөтүштү. Авторитардык президент өзгөчө жактырган бул майрам күнү жылкылар арасында сулуулук сынагы өткөрүлүп, ахалтекиндердин катышуусунда ар кандай оюн-зоок тартууланды.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов аргымактар тууралуу бир нече китеп жазып, өзү да ат чабыштарга катышып жүрөт. Бул жолу да ал ахалтекиндин сүрөтүн мыкты түшүргөн сүрөтчүлөргө акчалай сыйлык ыйгарып, ал эми сулуулук сынагында жеңген жылкы ээсине Audi Q8 автоунаасынын ачкычын тапшырды.

Маалымат каражаттары билдиргендей, ахалтекин тукумундагы жылкыларга шарт түзүүгө бийлик 680 миллион доллар бөлгөн.

Түркмөнстанда COVID-19 илдети менен ооругандар расмий каттала элек.

Борбор Азиядагы эң жабык бул мамлекетте кийинки жылдары азык-түлүк тартыш болуп, эли эптеп жан багып келет.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG