Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстандын 10 жараны Казакстан аркылуу 27-апрелде Ооганстандын Кабул шаарынан кайтарылып, обсервацияга алынды.
Кыргызстандыктар ооган авиакомпаниясынын чартердик авиакаттамы менен Алматыга келишкен. Ал жактан дарыгерлердин коштоосунда автоунаа менен Бишкекке жеткирилди.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылгандыктан Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүп, кыргыз жарандарын алып келүүгө шарт түзүлдү. (BTo)