Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Чүй облустук фтизиатрия ооруканасы аралыктан иштөө ыкмасына өттү


Видео консилиум учуру.
Видео консилиум учуру.

Чүй облустук кургак учукка каршы борбору ар апталык консилиумдарды аралыктан өткөрүү ыкмасына өттү. Буга коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам райондук фтизиатрлар келе албай калганы себеп болду.

Мурда ар бир райондун өкүлү шейшемби күндөрү облустук ооруканага келип, бейтаптарынын абалы, дарылануусу тууралуу маалымат берип турчу.

Чектөөлөрдүн айынан дарылоо процессин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн консилиумдарды дистанттык негизде өткөрүү чечилген.

Оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Жаңыл Кызалакова: «Биздин башкы максат – коронавирус пандемиясынын шартында бейтаптарыбызды кароосуз калтырбоо», - деп белгиледи.

Адистин айтымында, келечекте райондук фтизиатрлар үчүн маалымат борборун түзүү аракети көрүлөт. Алар каалаган убакта борбордон өзүнө керектүү маалымат ала алат.

Аралыктан видео консилиум өткөрүп иштеш үчүн дарыгерлерге USAID агенттигинин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору шарт түзүп берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы кургак учук менен ооруган адамдар үчүн коронавирустун оор формаларына чалдыгуу коркунучу көп экенин, андыктан аларды коргоого колдон келишинче аракет кылуу зарыл экенин белгилеген.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет.

Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% - эмгекке жөндөмдүү курактагылар. (RK)

XS
SM
MD
LG