Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Бишкекте 74 миң үй-бүлөгө азык-түлүк берилди


Азык-түлүк салынган баштыктар. Иллюстрациялык сүрөт. Сүрөт Ош мэриясына таандык.
Азык-түлүк салынган баштыктар. Иллюстрациялык сүрөт. Сүрөт Ош мэриясына таандык.

Кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен жана шаардык бюджеттен 74 миңге жакын үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилди. Бул 28-апрелге карата жардам алган үй-бүлөлөр экенин шаардык мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев 28-апрелде брифингде билдирди.

«Бишкек шаары боюнча 76 483 үй-бүлө аз камсыз болгондор катары тизмеге киргизилген. Булардын баарына күнүмдүк жашоого зарыл болгон азык-түлүк жеткирилүүдө. Мындан тышкары шаарга чектеш жайгашкан Сокулук жана Аламүдүн районуна караштуу жаңы конуштардагы 2500 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилген», - деди Түлөбаев.

Анын маалыматына караганда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өкмөттөн 6000 кап ун бекер таратылган. 9600 үй-бүлөгө араб кайрымдуулук фонддору берген азык-түлүк жардам баштыктары берилди.

Балбак Түлөбаев гуманитардык жардам таратууда коррупцияга жол берилбей турганын, муктаж адамдардын баарына азык-түлүк жеткирилерин эскертти.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте 25-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG