Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:19

Чек ара маселелери боюнча кеңешме өттү


Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров онлайн режимде чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга Чек ара маселелери боюнча катчылыктын, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышты.

Маалыматта «Мадумаров буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында чек ара боюнча маселелердин, ошондой эле чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иштерди сапаттуу улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү тууралуу Коопсуздук кеңешинин жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткарууга байланыштуу маселелер талкууланды» деп айтылат.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик тармактык органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Баткен облусунун жетекчилигине жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө байланыштуу чектеш райондордогу суу ресурстарын коңшу мамлекеттер ортосунда мурда жетишилген келишимдерге ылайык пайдалануу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Кыргызстан түштүк тарабынан Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Өзбекстанда коронавирус жуккандардын саны 2 миңге чамалады. Тажикстан СOVID-19 катталбаган дүйнөнүн 11 мамлекетинин катарына кирет. Бирок акыркы апталарда пневмония менен кургак учуктан бир нече кишинин каза тапканы, маркумдар жабык табытта жерге берилип, алардын жакындарын карантинге алынып жатканы сыяктуу кабарлар чыгып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG