Күн жылыганына байланыштуу элдин көчөгө чыгып, ары-бери сейилдөөсү күчөгөнүн белгилеген комендант аларды санитардык талаптарды бекем сактоого чакырды.
«Соода борборлорунда кезекке турган адамдардын айрымдарында беткабы жок. Кезекке бири-бирине шыкалып туруп жатышат. Соода борборлорунун жана базарлардын жетекчилерине эскертем: адамдардын ортосу 1,5 метрден кем болбой турган аралыкты белгилеген шарттарды койгула. Антисептик каражаттар ар бир сатуучуда, кассирде сөзсүз болушу керек», - деди Алмаз Орозалиев.
Коменданттын маалыматына караганда, шаар ичинде велосипед менен ары-бери сейилдөөгө да тыюу салынган. Бирок комендатура велосипед ээлерине эскертүү берип, велоунаасын албоо тууралуу чечим чыгарган.(ZKo)